Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Ахмадинежад: АКШ Иран - Саудия мамилесин бузууну каалайт


Иран президенти Махмуд Ахмадинежад дүйшөмбүдө "Ал-Жазира" телеканалына курган маегинде өткөн аптадагы АКШ бийликтери теги боюнча ирандык эки кишиге Сауд Аравиянын Вашингтондогу элчиси Абдел ал-Жубейирди өлтүрүү максатында кутумга барган деген айыптары АКШнын Иракка кирүүгө себепчи болгон Багдадда массалык кыйратуучу курал бар деген болжолун эске салат деп билдирди. Мындан тышкары АКШ Иран менен Сауд Аравиянын ортосунда жаңжал салып, Перс булуңунда үстөмдүк кылуу үчүн бул кутумду ойлоп тапты деп кошумчалады.

Өткөн аптада АКШ бийлиги теги ирандык эки кишиге Сауд Аравиянын Вашингтондогу элчиси Абдел ал-Жубейирди өлтүрүү максатында Иран бийликтери менен кутумга барган деген айып койгон. Кутумдун бети ачылганын АКШ 11-октябрда жарыялаган.

Сауд Аравия кутум боюнча бул маселени БУУнун Коопсуздук кеңешинин кароосуна коюу ниетинде.

XS
SM
MD
LG