Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Шайлоочулар тизмесине 22 миң адам киргизилди


Бул тууралуу “Азаттыкка” Боршайком мүчөсү Ишенбай Кадырбеков билдирди. Анын айтымында, БШК шайлоочулардын болжолдуу тизмесин жарыялагандан тартып республика боюнча кошумча 22 миң адамдын аты-жөнү такталып, арыздын негизинде тизмеге киргизилген. Мындан сырткары, тизмеде бар, бирок шайлоо участокторун которгондуктан тактоо киргизгендердин саны 19 миң, аты-жөнүн тууралап өзгөртүү киргизгендер 4 миң адам болду.

Буга чейин БШК шайлоочулардын жалпы саны болжолдуу 2 млн. 800 миңдин тегерегинде экенин айткан. Бул сан тактоолордон кийин 30-40 миңге көбөйүшү ыктымал. (КЕ)

XS
SM
MD
LG