Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:46

Балдарга берилүүчү жөлөкпул айына 300 сомдун тегерегинде болууда


Кыргызстанда балдарга берилүүчү жөлөкпулдун эки түрү бар. Бул тууралуу "Азаттыкка" Калкты социалдык жактан коргоо министринин орун басары Гүлнара Дербишева билдирди. Анын айтымында, биринчиси - аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына ай сайын берилүүчү жана экинчиси - бирдиктүү социалдык жөлөкпулдар. Ай сайын берилүүчү 242 сомдук жардамды 380 миң бала алат. Аны үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө бөлүштүргөндө ай сайын кирешенин көлөмү 370 сомдон ашпагандар гана алышат. Ай сайын берилүүчү бирдиктүү социалдык жөлөкпул ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилет. Мындай жардам алгандардын саны 105 миң бала. Учурда министрлик иштеп чыккан стратегия кабыл алынса, келерки эки жылда жөлөкпулдардын көлөмү 500 сомго жеткирилет. Бир баланы багууга айына эң эле азы 4 миң сом керектелээри расмий айтылган. (ZKo/RK)

XS
SM
MD
LG