Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Казакстан Кыргызстандан ташылган эт жана сүткө тыюу салганы айтылууда


Жогорку Кеңештин депутаты Таланбек Узакбаевдин “Азаттыкка” айтымында, 19-октябрдан тарта Казакстандын ветеринардык кызматы Кыргызстандан ташылган эт азыктарына бир жылга тыюу салды. Буга байланыштуу кат Казакстандын тиешелүү кызматтарынан алынган. Катта Кыргызстан аймагында, өзгөчө Чүй өрөөндүндө малдын шарп ылаңы көп катталып жатканы себеп болгону белгиленген. Узакбаевдин айтуусуна караганда, күн сайын Казакстанга 70-80 тонна сүт жиберилет.

Айыл чарба министринин орун басары Кубат Касеинов бул маалыматты тастыктаган жок. Анын айтымында, ушул тапта сүт азыктары Казакстанга мурдагысындай эле өтүп жатат. Ал эми эт азыктарына Казакстан мындан 2-3 жыл мурда эле айрым чектөөлөрдү киргизген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG