Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

Милиционер айымдардын ассоциациясы эл аралык деңгээлге чыкты


Кыргызстандын Милиционер айымдарынын ассоциациясы Полиция айымдардын эл аралык ассоциациясына кабыл алынды. Бул боюнча сертификатты 20-октябрда Бишкекте өткөн жолугушууда эл аралык ассоциациянын президенти Жейн Таунсли тапшырды. Кыргызстандык ассоциация мындан бир жыл мурда негизделген. Учурда ар бир облуста өкүлчүлүгү иштеп жатат. Максаты - эл менен, аялдар маселелери боюнча иштешкен бейөкмөт уюмдар менен байланышты бекемдөө, эл аралык кызматташтыкты чыңдөө. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын ички иштер министрлигинин түзүмүндө иштегендердин 25 пайызы аялдар. (RK)

XS
SM
MD
LG