АКШ өкмөтү Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) жана Эл аралык миграция уюму аркылуу Борбор Азия чөлкөмүндө адам аткезчилиги менен күрөшүү боюнча өзүнүн долбоорунун Кыргызстандагы компонентин баштоодо. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.
«Адам аткезчилигинен сак болгула! Адам сатууну токтотолу!» деген ураан менен масштабдуу маалымат өнөктүгү өткөрүлөт. Өлкө боюнча мыйзамдуу эмгек миграциясынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жана эмгек мигрантарынын укугун коргоо жөнүндө 40 000ден ашуун буклет жана брошюралар таркатылат.
Ошондой эле Эл аралык миграция уюму аткезчилик менен шугулданган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартып жаткан жабырлануучуларга алардын калоосу менен юридикалык колдоо көрсөтөт. Эл аралык миграция уюму бул 3 жылдык регионалдык долбоорду Борбор Азиянын төрт республикасында 2010-жылдын июнь айында баштады. Кыргызстан бул долбоорго 2011-жылдын октябрь айында кошулган. (RK)