Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Тунисте исламчылар жеңип алганы болжолдонууда


Тунистин шайлоо өкүлдөрү учурда кечээки парламенттик шайлоодо берилген добуштарды санап жатат. Бул мындан тогуз ай мурдагы толкундоолордо президент Зине ал-Абидине бен Али кулатылгандан берки биринчи эркин добуш берүү болуп калды. Бен Алинин 23 жыл бийликте отургандан кийин кулашы Түндүк Африкада жана Арабия жарым аралында «Араб жазынын» башталышына түрткү болгон эле. Шайлоо өкүлдөрү төрт миллиондон ашык катталган шайлоочунун 90 пайыздан ашыгы добуш бергендигин билдирүүдө. Жергиликтүү радио бекеттери жүргүзгөн алдын-ала санак Исламчыл Эннахда партиясы алдыда келатканын көрсөтүүдө. Расмий жыйынтык эртең кечинде чыгат деп күтүлөт.

XS
SM
MD
LG