Нарын облусунун губернаторунун орун басары Эмил Алымкуловдун билдиришинче, аймакта шайлоочулар саны 159 миңге чамалады. Бул былтыркы парламенттик шайлоодогу тизмеге караганда 2 миң 280 шайлоочуга көп. Алымкулов шайлоочулардын санын тактоо мурункудай каттоо эмес, арыз менен жүргөндүктөн көбөйдү деп маалымдады. Облуста 165 шайлоо участогу ачылган. (EBM)