Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Жээнбеков: Ири дүкөндөр адилетсиз акча талап кылышат


"7 дней", "Бета" дүкөндөрүнө, айрыкча "Народныйга" cатыкка чыгыш үчүн жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдөн 1 миң сомдон 30 миң сомго чейин акча талап кылышат. Мындай арыз менен Монополияга каршы агенттикке жергиликтүү ишкерлер кайрылышканын "Азаттыкка" аталган агенттиктин жетекчиси Бабырбек Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, бул акчалар сатыкка коюлуучу азык-түлүктү муздаткычка салыш үчүн, текчелерге коюш үчүн жана башка бир топ иштер үчүн деп талап кылына берет.

Мындай арыздарга байланыштуу 11-октябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов өзү аталган дүкөндөрдү кыдырып чыккан. Ишкерлерден түшкөн арыздар боюнча акттар түзүлдү. Ар бири боюнча тиешелүү дүкөндөргө эскертүүлөр берилди. Дүкөндөрдүн ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн түзүлгөн топко бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да кирген. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG