Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Экономикалык тескөө министрлиги иш кагаздарынан баш тартты


Экономикалык тескөө министрлиги иш кагаздары менен иштөөдөн баш тартып, толугу бойдон электрондук документтерге өтөт. Мындай ыкмага министрлик 10-ноябрдан тарта өтмөй болду. Бул тууралуу бүгүн министр Учкун Ташбаев билдирди. Анын айтымында, электрондук ыкма менен иштөө кагаз ташымай, кол койдурмай, принтерден бастыртып, көбөйтмөй сыяктуу түйшүктөрдөн арылтат. Кызматкерлердин иш убактысын үнөмдүү пайдаланууга да шарт түзөт. Кагаз, картридж, принтер сатып алууга, почта кызматына акча төлөөгө каражат аз сарпталат.

Электрондук өкмөт тууралуу ойлор Кыргызстанда соңку 15 жылдан бери айтылып келет. Бирок иш жүзүндө мекемелер мурдагы ыкма боюнча эле иштеп жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG