Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Түркмөнстанда “Азаттыктын” кабарчысы түрмөдөн чыгарылды


“Азаттыктын” түркмөн редакциясынын кабарчысы Дөөлөтмурат Язкулиев президенттин мунапысы менен абактан бошотулду. Аны ушул айдын башында “тууганын жанкечтиликке үндөгөн” деген айып менен беш жылга кесишкен эле. Журналисттин туугандары жана кесиптештери муну анын иши менен байланыштырып, быйыл июлда Ашгабадка жакын жерде аскерий кампадагы жарылуу тууралуу алгачкылардан болуп кабар бергени үчүн камалганын айтышкан.

XS
SM
MD
LG