Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Талапкерлер эмне дейт?


Айрым президенттикке талапкерлердин байкоочулары шайлоочуларды бир нече ирээт айландырып добуш бердиртүү, коркутуп-үркүтүү жана бюллетендерди урнага ыргытуу сыяктуу мыйзам бузуулар катталгандыгын айтып чыгышты.

Ошол эле кезде башка бир талапкердин ишенимдүү өкүлдөрү добуш берүүдө административдик ресурстар колдонулуп жатат деген жалган каралоолор орун алып жаткандыгын белгилешти.

"Үйрөнгөн адат калабы..."

Президенттикке талапкер Өмүрбек Суваналиевдин ишенимдүү өкүлү Талант Токон уулу Бишкек шаарынын Ак-Ордо, Ак Өргө, Арча-Бешик жана Ак-Тилек жаңы конуштарында шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар катталган.

Талант Токон уулу аталган мыйзам бузуулар президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин пайдасы үчүн жүргүзүлүп жаткандыгына токтолду:

- Азыр эле 1022-шайлоо участогунда бир эле адам эки-үчтөн бюллетенди урнага ыргыткан учур катталды. Ошондой эле бир катар участоктордо тизмеде жок адамдарга бюллетен берип, “карусель” деген технология менен айландырып жатышат.

Бул боюнча фактыларды шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү өздөрү бетин ачышып, муну ишке ашырган жетекчилерине каршы актыларды түзүп берип, биз кол коюп бердик.

Шайлоо участокторунун төрагаларынан "эмнеге ушундайга бардыңар" деп сурасак, “бизди үстүбүздөн кысып жатышат” деп билдиришти. Акимдер, шаардык мэриядан келген бийлик өкүлдөрү мына ушунун баарынын башында турганы ачык эле байкалып калды
.

Ошол эле кезде Алмазбек Атамбаевдин “Замандаш” партиясынан көрсөтүлгөн ишенимдүү өкүлү Дүйшөн Султанкулов жогоруда айтылган маалыматтарды четке какты:
Азырынча жапырт түрдө өтө одоно мыйзам бузуулар болуп жатат дегенге негиз жок. Бирин-серин фактылар болуп жатат.

- Мунун бардыгы жалган. Менин да эки көзүм бар, бардыгын көрүп турабыз. Мурдагы шайлоолорго салыштырганда бир кыйла эле таза өтүп жатат. Албетте мен таптаза деп айта албайм. Анча-мынча туура эмес жагдайлар жок эмес. Бирок бардык нерсе салыштырмалуу болот.

Шайлоодо Жумгалга барып добуш берүүнү каалаган парламенттин Социал-демократтар фракциясынан депутат Дамира Ниязалиева добуш берүүнүн жүрүшүндө административдик ресурстар колдонулбаганын билдирди:

- Ошон үчүн мындай маалыматтарга көңүл бурбаш керек. Мунун бардыгы жөн эле каралоо. Мен азыр кичи мекеним Жумгалда добуш бердим. Административдик ресурстар колдонулуп жатат деп каралагандар фактыларды келтирип, далилдеп беришпейби. Жөндөн жөн эле каралай берүү туура эмес.

Ал эми Ички иштер министрлиги Аламүдүн районунун аймагынан президенттике талапкер Адахан Мадумаровдун пайдасы үчүн добуш сатып алуу фактысы катталгандыгын жарыялап чыкты. Аталган мекеменин маалымат борборунун өкүлү Бакыт Сейитов:

- Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында бир адам аталган айылдын бир жашоочусун "талапкер Адахан Мадумаровдун пайдасы үчүн добуш бериңиз" деп, беш жүз сом бергени аныкталды. Бул боюнча материал тергөө органдары тарабынан даярдалып, сотко жөнөтүлдү.

Бирок Адахан Мадумаровдун шайлоо штабы муну карандай каралоо акциясы катары баалады. Талапкердин ишенимдүү өкүлү Кыяс Молдокасымов аталган маалыматты бийликтин чагымчыл аракети деп сыпаттады:

- Бул атайын жасалган чагым. Мунун бардыгы алдын-ала ойлонулган. Болбосо алар мына ушундай сот тарабынан тастыкталбаган маалыматты таратканга ашыгышпайт болчу. Бир гана сот адамдын күнөөлүү экендигин аныктай алат. Ички иштер министри мыйзамдын ошол талабын билбейт, же билгиси келбей турат.

Уюшкан аракеттер

Мындан сырткары Талас облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү шайлоо участокторундагы байкоочуларды коркутуп-үркүтүү көрүнүштөрү орун алган. Бул тууралуу добуш берүүнү жана анын жыйынтыктарын көзөмөлдөө боюнча улуттук шайлоо штабынын координатору Курманбек Молдокулов айтты:

- Бизге Таластан добуш берүүнүн жүрүшүн көзөмөлгө алып турган байкоочуларды буга кийлигишпегиле деп, коркутуп-үркүткөн учурлар туурасында кабарлашты. Биз бул маалыматты Ички иштер министрлигине бердик. Алардын кайсы талапкердин пайдасы үчүн мына ошондой иш-аракеттерди жасаганы да белгисиз.

Ошол эле кезде “Таза шайлоо” бейөкмөт уюму добуш берүүнүн жалпы жыйынтыгына олуттуу таасир эте тургандай жапырт мыйзам бузуулар жок экендигин белгиледи. Аталган уюмдун жетекчиси Айнура Усупбекова айрым бир мыйзам бузуулар орун алганы менен, анын бардыгы кимдер тарабынан жасалып жаткандыгы аныктала электигин айтты:

- Азырынча жапырт түрдө өтө одоно мыйзам бузуулар болуп жатат дегенге негиз жок. Бирин-серин фактылар болуп жатат. Шайлоо участокторунун алдына адамдарды ташып келүү сыяктуу учурлар катталган. Ташып келүүнүн өзү да “карусель” болуп калышы мүмкүн. Ушундай фактылар айрыкча жаңы конуштарда жана окуу жайлар жайгашкан шайлоо участокторунда болуп жатат.

Ошол эле кезде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров добуш берүүнүн жүрүшүндө катталган мыйзам бузууларды тартип коргоо органдары ыкчам аныктап, сотко тапшырышы керек экендигин эскертти.

Ал эми президенттикке талапкер Кубатбек Байболов анын шайлоо штабы каттаган одоно мыйзам бузуулар боюнча материалдарды даярдап жаткандыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG