Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:07

Отунбаева: Борбор Азияга үлгү көрсөтүп жатабыз


БШКнын автоматташтырылган шайлоо системасына түшкөн маалыматка ылайык, саат 15:00гө карата шайлоочулардын 36,41%, же 1 104 228 адам добуш берген.

Президент Роза Отунбаева Бишкек шаарындагы №1215 шайлоо участогунда добуш берди. Ал бүгүнкү шайлоодо өлкөгө туруктуулук жана өнүгүү алып келчү талапкерге өз добушун бергенин белгиледи.

Мамлекет башчы Кыргызстанда тарыхый күн болуп жаткандыгын айтып, мунун Борбор Азия үчүн маанисине токтолду:

- Бүгүн Кыргызстан үчүн кубанычтуу күн. Анткени биз Борбор Азияда биринчи жолу үлгү көрсөткөндөй иш жасап жатабыз. Былтыр парламенттик шайлоону ачык, таза өткөргөнбүз. Быйыл да ошондой өтөт деп ишенем.

Өз өлкөбүзгө суктана турган, мактана турган нерсе болуп атат. Ушуну түшүнөлү, сезели жана мындай жетишкендикти жоготпойлу. Артка жол болбойт, биз алдыга гана жылышыбыз керек. Чындыгында эле экономиканы өзгөртө турган жакшы жолго түштүк деп терең ишенем.


Президент Роза Отунбаева бул шайлоо бакиевчилердин бийликке келишинин акыркы аракети болгонун жана алардын шайлоого көп акча жумшаганын белгиледи. Өлкө башчысы бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтып, айрыкча коалициялык көпчүлүккө кирген "Ата-Журт" партиясынын талапкери Камчыбек Ташиевдин административдик ресурс колдонулуп жатат деген дооматын күлкү келерлик деп сыпаттады.

Отунбаева президенттик кызматтан кеткенден кийинки пландары менен бөлүшүп жатып, Кыргызстанда жасала турган иштер арбын экенин баса белгиледи.

Ушул эле шайлоо участогунда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов жана вице-премьер-министр Шамил Атаханов добуш беришти.

Шамил Атахановдун айтымында, өкмөт түзгөн шайлоону уюштуруу штабына өлкөдөгү кырдаал боюнча ар бир жарым саат сайын маалыматтар түшүп турат.

- Мен бул шайлоодон өлкөнүнүн өнүгүү потенциалын күтүп жатам. Биз парламентаризмди, мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн жана ар бир адам эркин болуп, өз оюн ачык айтат деп тандап алганбыз. Менимче бул процессти токтотуу мүмкүн эмес. Ошондуктан Кыргызстан эли ушундай жараян үчүн добуш берет деп ойлойм. Ал эми шайлоодо бир нерсе болуп кетет деген – бул элдин гана божомолдору. Мен тартип бузуулар болбойт деп ишенем.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Бишкек шаарындагы жана Чүй өрөөнүндөгү айрым шайлоо участокторун кыдырып, коопсуздук маселесинен кабар алып жатканын “Азаттыкка” билдирди. Ал административдик ресурс колдонулбай, шайлоо ачык-айкын өтсө, кооптуу жагдай жок болорун коушмчалады.

- Чек арада жана башка жерлерде да тартип коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Бардык жерде тынч деп айтсак болот. Аэропортто, темир жол жана чек ара бекеттеринде эч канадй тоскоолдуктар жок.

Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков бүгүн саат 10дон өткөндө Бишкек шаарында жайгашкан №1208 шайлоо участогунда добушун берди. Спикер бул шайлоо өтө чоң мааниге ээ экендигин баса белгилеп, “Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы баскычына кадам шилтегени турат”, – деди.

- Төрага катары мамлекетибиз тынч болуп, шайлоо мыйзам чегинде өтүшүнө бүт күч аракетибизди жумшайбыз. Депутаттардын бардыгынын эле ой-пикири ушундай.

Добуш берүү жараяны ушул сааттарда уланууда.

XS
SM
MD
LG