Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:50

Мубарактын соту жыл этегинде уланат


Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарактын соту 28-декабрда уланмай болду. Мындай чечим соттун кечээки отурумунда кабыл алынды.

Жабыркаган тараптын адвокаттары соттун төрагасын алмаштырууну талап кылышкан. 83 жаштагы Мубарак быйыл февралда антиөкмөттүк демонстрациялардын катышуучуларына ок атуу буйругун берген деп айыпталууда. Аны менен кошо эки уулу, мурдагы ички иштер министри жана полициянын жогорку 6 жетекчиси соттолууда. Бардыгы дооматтарды чекте кагышууда. Сот процесси 3 айдай мурун башталган. Мубарак күнөөлүү деп табылса, өлүм жазасына өкүм кылынышы ыктымал.
XS
SM
MD
LG