Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Обама кыргызстандыктарды демократиялык шайлоо менен куттуктады


АКШ президенти Барак Обама Кыргызстандагы президенттик шайлоонун демократиялык мүнөздө жана тынч өткөнүн кубаттады.

“Кыргызстан элин жана өкмөтүн кечээки демократиялык жана тынч президенттик шайлоо менен куттуктайм. Добуш берүү менен Кыргызстан эли демократияга карай маанилүү жана чечкиндүү кадам таштады жана бийликтин ачык-айкын өткөрүлүп беришине дилгирлигин көргөздү, - делинет Обаманын билдирүүсүндө.

АКШнын мамлекет башчысы ошондой эле президент Роза Отунбаеванын дарегине жылуу сөз айтты.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да президенттик шайлоонун тынч өткөнүн оң баалап, өлкөнүн саясий лидерлерин пикир келишпестиктерди мыйзам чегинде чечүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG