Линктер

жекшемби, 22-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:36

Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова 75 жашта


Буга байланыштуу поэзия кечеси бүгүн Бишкек шаарындагы Улуттук китепканада өтөт. Иш-чаранын алкагында акындын өмүрүн, чыгармачылык жолун камтыган “Поэзия канатындагы өмүр” деген китеп көргөзмөсү ачылмакчы. Ага мамлекеттик, коомдук жана маданий ишмерлер, акындын жакындары катышат. Бул тууралуу китепкананын маалымат борборунан кабарлашты.

Абылкасымова “Кичинекей досторго”, “Чолпон”, “Ишеним дайым жүрөктө”, “Ата Журт” жана башка ыр жыйнактардын, “Атаке Баатыр” драмасынын автору. (КЕ)

XS
SM
MD
LG