Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:55

Кытайлык диссидент Ай Вэйвэй жарым миллион доллар алды


Кытайлык диссидент Ай Вэйвэй миңдеген адамдан жарым миллиондон ашуун доллар алганын билдирди. Бир жума мурун сүрөтчү 2,4 миллион долларга барабар салыктарды жана айып пул төлөөгө милдеттендирилгенин айткан. Ошондон кийин ага 16 миң киши 550 миң долларды ар кандай жолдор менен жөнөтүшкөн. Кээ бирлери банк эсебине которушса, башкалары катка акча салып жиберишкен.

Вэйвэйди мындан 3 айдай мурун кармап кетишкен. Кийин ага салыктарды төлөөдөн качкан деген айып тагылган. Активисттер муну менен бийлик сүрөтчүнү авторитардык өкмөттү сындагандыгы үчүн жазалоону көздөөдө деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG