Кыргызстан жана Тажикстандын аймагы аркылуу электр зымдарын Ооганстан жана Пакистанга чейин тартууну көздөгөн CASA-1000 долбоорун Орусия колдоого даяр. Бул тууралуу орус өкмөт башчысы Владимир Путин Шанхай кызматташтык уюмунун Санкт-Петербургдагы саммитинде билдиргенин орусиялык ИТАР-ТАСС агенттиги билдирүүдө. Маалыматка ылайык, Пакистанга чейин электр зымдарын тартууга Орусия 500 миллион доллар каражат бөлүшү мүмкүн.
CASA-1000 же Борбор Азия - Түштүк Азия-1000 энергосистемасын түзүү долбоорунун жалпы чыгымы кеминде эле 2 миллиард доллардан ашык экени кабарланууда. (KKs)
CASA-1000 же Борбор Азия - Түштүк Азия-1000 энергосистемасын түзүү долбоорунун жалпы чыгымы кеминде эле 2 миллиард доллардан ашык экени кабарланууда. (KKs)