Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:36

Орусияда «Басып ал» акциясы кууп таркатылды


Нью-Йорктогу «Уол Стеитти басып ал» акциясын туурап, Кремлдин оппоненттери Москвада келерки айдагы парламенттик шайлоо боюнча нааразылык акциясына чогулушту. Полиция алардын чакан тобун күч менен таркатты.

Ондогон киши Борбордук Шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында «Эски аянтты басып ал» деген планын жарыялашты. Эски аянтта президенттик администрациянын кеңселери жайгашкан.

«Уол Стритти басып алга» окшогон акциялар дүйнө боюнча миңге чукул шаарларда болгон, Лондондо ал бүгүн да уланууда. Бирок Орусияда буга чейин мындай аракеттер сейрек кездешти.

4-декабрдагы шайлоого байланыштуу демонстранттар «Мыйзамсыз шайлоонун кереги жок!» деп ураан чакырышты.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG