Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

Бишкекте жумушсуздук маселеси талкууланууда


Бүгүн Бишкекте жумушсуздук көйгөйүнө арналган семинар-конференция өтүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Коомдук технологиялар борборунан кабарлашты. Талкуунун катышуучулары кыргызстандыктарды жумуш менен камсыз кылууда жаңы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуунун зарылчылыгы тууралуу сөз кылышууда.

Кыргызстанда жумушсуздуктун көрсөткүчтөрү былтыркыга салыштырганда ошол эле бойдон сакталууда. Бул тууралуу Экономикалык тескөө министрлигинен билдиришкен. Жумушсуздуктун деңгээли учурда эмгекке жарамдуулардын жалпы санына карата 8,4% түзөт.

Жумушсуздуктун айынан көптөгөн кыргызстандыктар, айрыкча элеттин жаштары чет мамлекеттерге чыгып кетишүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG