Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

КМШнын атайын кызматтары биргелешип иштешүү маселелерин талкуулашты


Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында КМШ өлкөлөрүнүн улуттук коопсуздук мекемелеринин жетекчилеринин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты. Атайын кызматтардын жыйынына УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев катышты. Жыйында эл аралык терроризмге, диний эекстремизмге каршы күрөшүү, жарандардын радикалдуу кыймылдарга өтүп кетишин алдын алуу маселелери талкууланды. Бул көйгөй КМШ аймагында негизгилердин бирине айланып баратканы айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG