Сирия Араб Лигасынын соңку кадамын “өтө кооптуу” деп атады. Тышкы иштер министри Валид ал-Муалем Вашингтон Лиганын Сирияны жыйындарынан четтетүү чечимин колдоо менен “отко май тамызды” деп билдирди. Ишембиде араб өлкөлөрүнүн башын бириктирген уюм Дамаск кан төгүүлөрдү токтотуу жөнүндөгү келишимди аткармайынча, жыйындарга катыша албайт деген сунушту колдоп, дагы бир катар санкцияларды киргизген.
БУУнун маалыматына ылайык, антиөкмөттүк демонстрациялар башталган март айынан бери Сирияда 3 жарым миңдей киши мерт болду.
Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон шаркет Араб Лигасы менен тыгыз кызматташаарын белгиледи:
- Сириядагы абал абдан тынчсыздантат. Кечээ кечинде Лиганын баш катчысы Набил ал-Араби менен сүйлөшкөнүмдө алар менен биргелешип иштөө ниетибизди, карапайым адамдардын өлүмүнө байланыштуу камтамабызды билдирдим. 3 жарым миңден ашуун кишинин өмүрүн кыйган жаңжалды жөнгө салууда чогуу аракет көрүшүбүз зарыл.
Брюсселде чогулган биримдиктин тышкы иштер министрлери Сириянын жетекчилерине каршы кошумча санкцияларды киргизүүнү чечишти.
Орус тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Сергей Лавров болсо Араб Лигасынын чечимин “туура эмес” кадам деп сыпаттады.