Доха шаарындагы бир күндүк саммитке келген 12 лидердин ичинде Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад менен Ливиянын Улуттук өткөөл кеңешинин башчысы Мустафа Абдул Жалил да бар. Бүгүн саммитте газдын баасы жана аны кардарга жеткирүү маселелери талкууланаары айтылган. Газ экспорттогон өлкөлөрдүн форумуна мүчө мамлекеттер дүйнөдөгү жаратылыш газынын ресурстарынын 70% жакынына ээлик кылышат.