Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Татарстан дүйнөдөгү эң чоң Куранга ээ болот


“Азаттыктын” татар редакциясы кабарлагандай, ааламдагы эң чоң Куран катары таанылган китеп эки күндөн кийин Казан шаарындагы “Кул Шариф” мечитине коюлат. Иш-чарага Орусиянын Татарстан республикасынын президенти Рустам Минниханов да катышмакчы. Китеп Италияда басылганы, узундугу 2, туурасы 1,5 метрди түзөөрү, салмагы 800 кг.экени айтылды. Куран азырынча мечиттин биринчи кабатына коюлат, келерки жылы июнда ал 922-жылы исламды кабыл алган Волгадагы болгарлардын Болгар шаарына көчүрүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG