Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

Психикалык ооруканаларда абал начар экени айтылды


Кыргызстандын психикалык ооруканаларында абал начар. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Психикалык саламаттык" коомдук уюмунун башчысы Бурул Макенбаева билдирди. Анын айтымында, бул ооруканалардын бардыгын Саламаттыкты сактоо министрлиги Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (ММКФ) өткөрүп бериши керек. Себеби аталган фонд аркылуу каржыланган ооруканаларда абал талапка жооп берээрлик деңгээлде. Ал эми министрликтин карамагындагы ооруканалардын каржылоосу 87 пайызга мамлекеттик бюджеттен жүргүзүлсө да, шарттары, тамагы, дарылануусу өтө начар экенин бейрасмий мониторингдин жыйынтыгы көрсөттү.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов министрликтин дарегине айтылган сынды четке кагып, мамлекеттен бөлүнгөн жана донорлор берген акча максаттуу пайдаланганын текшерүүлөрдүн жыйынтыктары көрсөткөнүн айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG