Азырынча Кыргызстан жолдун башында гана турат жана демократиянын туу чокусуна жетүү үчүн ар бир тепкичти басып өтүшү зарыл. Мындай оюн бүгүн президент Роза Отунбаева Кыргыз улуттук университетинин студенттери жана окутуучулары менен жолугушуусуна айтты. "Мен түз жолду тандан алганыбызга ишенем”, - деди президент.
Президент алгач ирет бийлик тынч жол менен өткөрүлүп берилип жаткандыгына көңүл бурду. «Жаңы Конституция боюнча президент 6 жылга шайланат. Эгерде биз демократия эрежелери боюнча жашай турган болсок, аны өлкөбүздө ийгиликтүү өнүктүрө алабыз", -деди Отунбаева.
Мамлекет башчысынын билим берүү жана илим жаатынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн КУУнун Окумуштуулар кеңеши президент Роза Отунбаевага бул университеттин Ардактуу профессору деген наам ыйгарды. (RK)