Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

Жеткинчектерге ичимдик саткандарга айып пул көбөйөт


Депутат Турсунбай Бакир уулунун “Азаттыкка” билдиришинче, эми жашы жете элек өспүрүмдөргө алкоголдук ичимдик саткандар үчүн айып пулдун өлчөмү жогорулайт. Жогорку Кеңештин эки комитети жактырган мыйзам долбооруна ылайык, жеткинчектерге ичимдик саткан сатуучуларга 2 миң сомдон 10 миң сомго айып пул салынмакчы. Мурда бул айып пулдун өлчөмү 500 сомду түзүп турган. Жакын арада бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы талкуусуна коюлмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG