Кыргызстандын Көркөм сүрөт академиясынын окутуучусу Нурлан Кебек уулу жана студенти Арзымат Жороев Австрияга барып келишти. Венадагы атактуу Көркөм сүрөт академиясында болуп, скульптура кафедрасынын окутуучуларынын иши менен таанышып, өз өнөрүн көрсөтүп кайтышты. Ошондой эле алар Венадагы тарыхый эстеликтер менен таанышып чыгышты. Кыргызстандык жаш сүрөтчүлөрдүн Европага сапары мамлекет башчысы Роза Отунбаеванын демилгеси менен уюштурулганын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. (RK)