Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Апрел окуясы боюнча сот качан уланаары белгисиз


Апрел окуясы боюнча сот качан уланаары белгисиз. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Анын айтымында, бүгүн Жогорку Соттун кылмыш иштери жана административдик тартип бузуулар боюнча соттук коллегиясы соттолуп жаткандардын адвокаттарынын көзөмөл арызын канааттандыруудан баш тартты. Алар апрел окуясы боюнча соттун төрагасын алмаштырып, соттолуучу Данияр Дунгановду соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү керек деп талап коюп келишкен. 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте бийликке нааразылык акциясынын учурунда токсондой адам набыт болгон. Бул окуяга күнөөлүү деп мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адам соттолуп жатышат. Алардын алтоо издөөдө. Соттук териштирүү былтыр ушул маалда башталган. (RK)

XS
SM
MD
LG