Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Кореяда үй-бүлө курган кыргыз кыздар элчи менен жолугушту


Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Дүйшөн Чотонов кореялыктарга күйөөгө чыккан кыргызстандык келиндер менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда Кореяда үй-бүлө курган кыргыз кыздар бири-бири менен байланышы жок экени, кыйын учурларда жардамдаша албай калгандарын айтышты. Элчи Чотонов жергиликтүү бийлик менен бул багытта иштөөнү күчөтүү зарылчылыгын айтты.

Соңку жылдары Кыргызстанда Корея Республикасына бай күйөөгө чыгууну сунуштаган бир катар агентстволор иштеп жатат. Бирок баардык эле турмушка чыккан кыздар ал жактан бактысын таба албаганы, айрымдары кордук көрүп, зомбулукка кабылганы тууралуу да айтылып келүүдө. Жогорку Кеңеште бул маселени чечүүгө багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыгыш керек деген демилге көтөрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG