Президент Алмазбек Атамбаев бүгүнтөн тарта Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын катарынан чыкты. Бул тууралуу билдирүүсү менен партияга ал бүгүн кайрылды. Мыйзам өлкө башчысынын кайсы бир партияда болушуна жол бербейт. Социал-демократиялык партияны Атамбаев 1993-жылы түзгөн болчу. Партиянын парламенттеги фракциясы башкаруучу коалициянын мүчөсү. (RK)