АКШ президенти Барак Обама Пакистан президенти Асиф Али Зардариге телефон чалып, НАТОнун чабуулунда 24 аскер курман болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Ак Үйдүн кабарлашынча, Обама пакистандык жоокерлердин өлүмүнө өкүнгөнүн, бирок чабуул атайлап жасалбаганын айткан. Барак Обама 26-ноябрдагы кандуу калабаны толук иликтөө зарылдыгын кайталап, Пакистан менен кызматташтык эки мамлекеттин тең коопсуздугу үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи. Пакистан береги окуядан улам Ооганстан боюнча бүгүн Бонндо ачылчу конференцияга баруудан баш тартты. Ошондой эле Ооганстандагы НАТО аскерлерине жүк ташуучу жолду жапты.