Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалы өтөт


12-декабрда Бишкек шаарында “Кыргызстан - кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү” аттуу эл аралык фестивал башталат. Долбоордун координатору Улукбек Муратбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул фестивал эл аралык жана улуттук деген эки бөлүктөн турат. Эл аралык программада Борбор Азия өлкөлөрүнөн, Украина, Орусия, Эстония, Армения, Азербайжандан келген жалпысынан он тасма катышат. Ал эми улуттук программада 15ке чукул жергиликтүү режиссерлордун тасмалары көрсөтүлөт. Фестивалда эл аралык жана жергиликтүү адистер калыс болушат.

“Кыргызстан - кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү” аттуу сынак буга чейин өлкө ичинде гана өткөрүлчү. Бул жылы биринчи жолу эл аралык деңгээлге чыгып жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG