Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:58

Евробиримдик чечүүчү саммитке чогулууда


Байкоочулардын баамында, бүгүн кечинде Брюсселде ачылып жаткан саммит он жети өлкө кирген евроаймактагы карыз кризи алып бара жаткан кыйроодон сактап калуу үчүн чечүүчү учур.

Саммиттен бир күн алдыда биримдиктин эки ири өлкөсү: Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Франция президенти Николя Саркози бирдиктүү каржылык саясат боюнча өз сунуштарын жарыялашты.

Алардын көз карашында, бул бюджеттик тартипти сактоо жана бирримдикке мүчө өлкөлөрдүн карыз проблемалары Греция, Португалия, Ирландиядагыдай болуп көзөмөлдөн чыгып кетишин алдын алуу үчүн зарыл.

Кабарларга караганда, бул үчүн 27 өлкө мүчө Евробиримдиктин келишимине өзгөртүү киргизүү же бирдиктүү акча - еврону колдонгон 17 өлкө үчүн өзүнчө келишим жазуу маселеси азыр талкууланууда.

XS
SM
MD
LG