Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

УКМК жетекчисинин орун басарлары дайындалды


Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Рустам Мамасадыков жана Аман Мамбетсеитов Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлары болуп дайындалды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин төрага орун басарлары болуп келген Сергей Баженов жана Кубанычбек Алымкулов кызматынан бошотулду.

Жаңы дайындалган 45 жаштагы, генерал-майор Рустам Мамасадыков Ош облусунда туулган, мурда УКМКнын төрагасынын орун басары болуп иштеген, андан кийин бир аз убакыт аталган мекеменин кадрларынын карамагында болгон. Ал эми 40 жаштагы полковник Аман Мамбетсеитов Нарын облусунда туулуп, мурда УКМКнын маалыматтык-талдоо башкармасынын зардалы болуп иштеген. (KKs)

XS
SM
MD
LG