Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Иранда маңзат кылмыштары үчүн өлүм жазасына тартылгандар көбөйүүдө


Бул тууралуу Эл аралык Мунапыс уюму өзүнүн жаңы баяндамасында билдирет. Аталган уюмдун ырастоосунда, алардын изилдөөсү Иранда маңзат менен байланышкан кылмышка барды деген айып менен быйыл 488 адам дарга асылганын көргөздү. Бул 2009-жылдагы көрсөткүч менен салыштырганда, үч эсеге көптүк кылат.

Эл аралык Мунапыс өз баяндамасында белгилегендей, алар расмий жана расмий эмес булактар аркылуу чогулткан маалымат боюнча Иранда быйыл ноябрь айынын соңуна карата жалпысынан 600дөй киши дарга асылган. Алардын 81 пайызы наркозат менен байланышкан кылмыштары үчүн айыпталгандар.

Сот жараяндардын адилеттигинен күмөн санаган Эл аралык Мунапыс уюму Иран бийликтерин маңзат менен байланышкан кылмыштар үчүн айыпталгандарга өлүм жазасын колдонууну токтотууга чакырат.

XS
SM
MD
LG