Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:57

Актауда жаңыөзөндүктөрдү колдогон демонстрация болду


Бүгүн Казакстандын Мангыштау облусунун борбору - Актау шаарында 2 миңдей адам демонстрацияга чыкты. “Азаттыктын” кабарчысынын билдиришинче, алар бийликтен Жаңы-Өзөн шаарынан атайын күчтөрдү чыгарып кетүүнү, коменданттык саатты алып салууну, тартипти курал пайдаланбай орнотууну талап кылышты. Жума күнү бул шаарда полиция менен демонстранттар ортосунда болгон кагылышууда кеминде 14 адам өлүп, 80 чакты адам жарадар болгон.

Казакстандын тышкы иштер министри Эржан Казыкжанов бүгүн Москвадагы жыйында сүйлөп, полиция куралды өзүн коргонуу үчүн гана колдонду деди:

- Тартип сактоо органдары мыйзам чегинде гана аракеттенди. Куралдар өзүн коргооо максатында эле пайдаланылды. Азыр кырдаал толук стабилдешип, эч кандай бузукулук катталбаганын мен сиздерге маалымдап койгум келет.

Жаңы-Өзөндөгү мунай ишканаларынын жумушчулары май айынан бери маянасын көбөйтүүнү жана жумуш шартын жакшыртууну талап кылып, нааразылык акциясын өткөрүп жатышкан. Бийликтер акыркы кандуу коогалаңдын жумушчулардын талабына эч кандай тиешеси жок деп ырастоодо.

XS
SM
MD
LG