Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

АКШ казак бийлигин сабырдуулукка чакырат


Кошмо Штаттар казак бийлигин өлкөнүн түндүгүндөгү адам өмүрү кыйылган массалык тополоңдун катышуучуларына «сабырдуулук» менен мамиле жасоого чакырат. Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө Казакстанда бир катар маалымат каражаттарынын жабылышы, окуя болгон аймакта интернеттин өчүрүлүшүнө камтамачылык айтылат.

Соңку расмий маалымат боюнча Жаңы-Өзөндө тополоң маалында жана андан кийин мерт болгондордун саны 15ке жетти. Укук коргоочулар өлгөндөрдүн саны алда канча көптүгүн айтууда. Ошондой эле ондогон адамдар жарадар жана кармалганы маалымдалууда.

Дүйшөмбүдө Актау шаарындагы нааразылык акцияга 2 миңге чамалуу киши катышты. Алар Жаңы-Өзөндөн армияны чыгарууну жана коменданттык саатты алып салууну талап кылды.

XS
SM
MD
LG