Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:51

Аскаровдун адвокаты соттук курамды алмаштырууну өтүндү


Бүгүн Жогорку Сотто укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча териштирүү башталды. Анда Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакунов ишти карап жаткан судьялар Сотторду тандоо кеңешинин сынагынан өтпөй калышканын, ошондуктан судьялык кылууга укуктары жоктугун айтып, соттук курамды жаңылоо боюнча өтүнүч келтирди. Сотто өтүнүчтү кароо үчүн тыныгуу жарыяланды.

Аскаров баштаган сегиз адам былтыр июнь каргашасында Базар-Коргондо массалык башаламандык уюштуруп, адам өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып жатат. Буга чейин ишти караган райондук жана облустук сот укук коргоочуну өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган болчу.

Аскаров өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG