Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Кошмо Штаттары аялдарга тынчтык арачысы болууга жардамдашат


АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтондун айтымында, Кошмо Штаттары дүйнө боюнча тынчтык сүйлөшүүсүнө аялдардын көбүрөөк аралашуусун колдоо менен жаңжалдарды алдын алууга жана токтотууга үмүттөнөт.

Клинтондун сөзү боюнча, президент Барак Обама жаңы кол койгон америкалык планда жер-жерлердеги жамааттардын аял мүчөлөрүн окутуу жана алардын пикиринин көбүрөөк угулушун колдоого көмөк көрсөтүү каралган.

Бириккен Улуттардын былтыркы эсебинде, дүйнөдөгү ири жаңжалдар боюнча сүйлөшүүлөргө катышкандардын жана арачы түшкөндөрдүн арасында аялдар 10 пайыздан азын түзөт.

XS
SM
MD
LG