Шаршембиде Түркиянын Диярбакыр провинциясында болгон автоырсыкта бери дегенде 25 киши көз жумду. Жергиликтүү бийликтин маалыматында, кыш салган жүк ташуучу унаа эл ташыган автобус менен кагылышып, кырсык болгон жерде 24 киши мерт кеткен. Дагы бир киши ооруканада көз жумган. 16 адам жараат алган.
Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө. Түркиянын автожолдору бир кыйла кооптуу деп саналат. Өткөн жылы жол кырсыктарынан 4 миңге чукул киши өлүп, 2 жүз миңден ашуун адам жабыр тарткан.
Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө. Түркиянын автожолдору бир кыйла кооптуу деп саналат. Өткөн жылы жол кырсыктарынан 4 миңге чукул киши өлүп, 2 жүз миңден ашуун адам жабыр тарткан.