Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Түрмөлөрдөгү кырдаал парламенттик комитетте талкууланат


Бүгүн Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде түрмөлөрдөгү абал талкууланат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Шейшенбек Байзаков 14-декабрда жаза аткаруу мекемелеринде түзүлгөн кырдаал тууралуу билдирүү жасаган. Ал боюнча Жогорку Кеңеш Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине протоколдук тапшырма берген.

Бүгүнкү жыйында Шейшенбек Байзаков жана түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү прокурор Адис Өмүралиев маалымат беришет.

Өткөн аптада Кыргызстандын тогузга чукул түрмө жана тергөө абактарында соттолгондор тамактан баш тартып, камактагы абалды жакшыртууну талап кылышкан. (RK/KKs)

XS
SM
MD
LG