Жаңы кол коюлган макулдашууда азери газын Түркияга, андан ары Европага газ куурун кура турган консорциум түзүү каралат. Эки өлкөнүн энергетика министрлери кол койгон келишим боюнча консорциумга башка газ-мунай компаниялары да кошула алат. Транс-Анадолу деп аталган куур менен Азербайжандын Шах Деңиз кенинен газ ташылат.