Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:23

Сирияга Араб байкоочулары келатканы кабарланууда


Активисттер коопсуздук күчтөрү бүгүн аз дегенде 20 кишини атып салгандыгын айтып чыгышкан маалда өлкөгө тогуз айдан берки кан төгүүлөрдү иликтөөнү максат кылган Араб Лигасынын 50 чакты байкоочусу келүүдө.

Каирде бүгүн кабарчылар менен сүйлөшкөндө Бириккен Араб эмиратынын байкоочусу Мохаммад Салем Элмекави Сирияга жол тартып жаткандыгын билдирген:

Сириянын өкмөтү протоколго кой койгон, демек ал байкоочулардын коопсуздугун кепилдеп, алардын көчөлөрдү ээн-эркин кыдырышына, түрмөлөрдө болуп, оппозиция менен жолугушуна жол бериши керек.

Тогуз кишиден турган араб байкоочуларынын алгачкы тобу Дамаскиге өткөн аптада келген. Алар президент Башар ал-Ассаддын өкмөтү менен Араб Лигасынын өткөн аптадагы макулдашуусунун негизинде жиберилип жатат.

XS
SM
MD
LG