Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

Израилде аялдар дискриминациясына каршы акция болду


Израилде аялдардын дискриминациясына жана диний фанатизмге каршы демонстрацияга 10 миңдей киши катышты. Алар өткөн аптада Бейт-Шемеш шаарында болгон окуяга нааразылыгын билдиришти. Жума күнү телеканалдар ашынган динчил жөөттөр 8 жаштагы кызды “адепсиз кийинген” деп опузалашканын көргөзүшкөн. Демонстрацияны айрым саясий жана диний лидерлер да колдошту. Президент Шимон Перес изралдиктерди дискриминацияга каршы тилектештигин билдирүүгө үндөдү:

- Кыздарга, жалпы эле аялзаттын өкүлдөрүнө мындай мамиле кылууга эч кимдин укугу жок. Алар (диний фанаттар) бул жердин башкаруучулары эмес, биз бардыгыбыз теңукуктуу жарандарбыз. Бир дагы топтун тигил же бул жерди көзөмөлдөөгө укугу жок.

Акция демократиячыл күчтөр жана гендердик теңдик үчүн күрөшкөн уюмдар тарабынан уюштурулган.

XS
SM
MD
LG