Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Түркияда аба соккудан кеминде 30дай киши мерт болду


Адамдар Ортасу кыштагында аба соккудан мерт болгондордун сөөктөрүн тегеректеп турат. 29-декабрь, 2011-жыл.
Адамдар Ортасу кыштагында аба соккудан мерт болгондордун сөөктөрүн тегеректеп турат. 29-декабрь, 2011-жыл.
Аскерий учактар соккуну өлкөнүн Ирак менен чектешкен түштүк-чыгыш бөлүгүндө, күрттөр жашаган аймакка жасаган.

Түркиянын армиясы сокку урулганын ырастап, аскерий учактар жайкын калк турбаган аймакта Күрт жумушчу партиясы – ПККнын согушкерлерин бутага алганын билдирди.

Армиянын ырастоосунда, аймактан кечээ кечинде байкалган согушкерлер тобу коопсуздук күчтөрүнүн ошол чөлкөмдөгү базаларына кол салууну мерчемдешкен.

Аба соккусу жасалган Сирнак провинциясынын кеңешчиси Эртан Эрис Ортасу деген кыштакта 11 адамдын сөөгү аныкталганын айтса, ушул эле провинциядагы Улудере шаарынын мэри Фехми Яман аларда күйүп кеткен отуз дене бар экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG