Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Үй-бүлөсү менен чет өлкөдө эс алган кыргызстандыктар көбөйдү


Кышкы эс алуу маалында капчыктуу кыргызстандыктардын көбү Бириккен Араб Эмираттарына сапар алышат. Бул тууралуу калкты тейлөө багытында иш алып барган “Кыргыз концепттин” башкаруучу директору Данияр Аманалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, каникул маалын балдары менен чет өлкөдө өткөзгүсү келген кыргызстандыктардын саны соңку мезгилде өсүп жатат. Бул жылы 20 пайызга өскөнү байкалып жатат. Адатта, саякатка барган кыргызстандыктар туристтик пакеттерди сатып алууну каалашат. Пакеттин ичине чартердик рейс, мейманкана жана тамак-аш кирет. Мындай пакеттер Кыргызстанда бир кишиге 30 000 сомдон жогору турат. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG