Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:01

Дубайдагы Global Village көргөзмөсүнө кыргыз уз-чеберлери да катышууда


Бул күндөрү Дубайда өтүп жаткан эл аралык Global Village ("Аалам айылы") көргөзмөсүндө кыргыздын боз үйү тигилип, кыргызстандык уз-чеберлер да катышууда. Бул көргөзмө тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы Башкы консулдугунун консулу Учкун Эралиев айтып берди. Анын айтымында, көргөзмө былтыр ноябр айында ачылган, быйылкы мартка чейин иштейт.

Фестивалдын администрациясынын маалыматы боюнча, көргөзмөгө бул жолу жалпысынан 4,5 миллиондон ашуун адам келиши күтүлүүдө. Быйыл ага 25тен ашуун өлкө катышып жатат. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен көргөзмөдөгү жалгыз мамлекет. Акыркы жолу кыргыз боз үйү бул фестивалдык кыштакчага 2006-жылы тигилген. Ошондон бери Араб Эмираттарында кыргыз көргөзмөсү ачылган эмес. Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү колдоо боюнча CACSARK.KG коомдук уюмунун алдында түзүлгөн ресурстук борборунан уз-чеберлер катышып, жибек, кийизден колго жасалган кийим-кечеден баштап, үй тиричилигинде колдоно турган буюм-тайымдарды көргөзмөгө коюп жатышат. (SM/RK)

XS
SM
MD
LG