Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Өкмөт бизнести көмүскөдөн чыгарууну көздөөдө


2012-жылдан тарта Кыргызстандын жаңы өкмөтү ишканаларды жөнү жок текшерүүгө бөгөт коюуну көздөөдө. Бирок ишкерлер бул демилгелер сөз бойдон калбайбы деп чочулап жатышат.

Кыргызстанда буга чейинки өкмөттөр да текшерүүнү азайтып, бизнес жүргүзүүнү жеңилдетебиз дегени менен, экономиканын 50 пайызы көмүскөдөн чыкпай келет.

Шамшаркыт текшерүү азаят

Кыргызстандын жаңы өкмөтү ишкерлерге салынган каамытты алабыз деп жатат. Мындайча айтканда, жакын арада бизнести текшерүүлөрдүн саны кыйла азайганы турат.

Экономика жана антимонополдук саясат боюнча министр Темир Сариев бул багытта өкмөттө токтом долбоору даярдалып жатканын “Азаттыкка” кабарлады:

- Биринчиден, биз Салык кызматы жана башка текшерүүчү органдарды чектөө боюнча атайын өкмөттүн токтомун даярдап, талкуулап, иш аптасы башталганда бул кабыл алынат деп ойлойм.

Экинчиден, мамлекеттик аябай көп уюмдар, 13төн ашык инспекциялар бар болчу. Булардын баары тең жаңы өкмөттүн түзүмү боюнча аябай кыскартылып жатат. Эки эле инспекция болот. Бирөө техникалык көзөмөл инспекциясы, экинчиси адамдардын коопсуздугу боюнча ветеринардык-санитардык инспекция.


Салык кызматы январдан тарта ишкерлердин канчалык ишенимдүү экенин иликтөөгө алмакчы. Ишенимге толук кирген ишкерлер беш жылда бир жолу гана текшерүүдөн өтсө, орто ишенимдеги ишканалар үч жылда бир жолу, ишеними күмөн жараткандар бир жылда бир жолу текшерилет.

Бир ишкер же ишкананын ишеним деңгээли салыкты убагында төлөп, киреше булагы жөнүндө туура маалымат берип турганына жараша бааланмакчы.

Салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыковдун билдиришинче, ар бир ишкердин ишенимдүү экенин атайын автоматташтырылган система аныктайт:

- Мисалы, Кыргызстанда канча салык төлөөчү болсо, аларды атайын системага киргизебиз. Анын негизинде программа өзү аныктайт. Жылдык отчетторду кандай бергенин, белгиленген тарифти кандай төлөгөнүн компьютер өзү чыгарат.

Ишкерлерге түзүлгөн шарт боюнча Кыргызстандын дүйнөдөгү кадыры көңүл жылытарлык эмес. Маселен, 2011-жылы Дүйнөлүк банктын “Doing Business” рейтингинде Кыргызстан 70-орунду алып, үч баскычка артка жылды. Кыргызстандын буга чейинки өкмөттөрү да бизнеске эркиндик шарттарын кеңейтебиз дегени менен натыйжа көрүнбөй келет. Бул болсо, министр Темир Сариев айтмакчы, экономиканын 50 пайыздайы дале көмүскөдө экендигинен билинет:

- Ачыгын айтыш керек. Бизде эксперттердин баамында, 50 пайыздан ашыгы көмүскө экономикада болуп жатат. Мен айтып кетейин, бизде 300 миңге жакын катталган ишкер бар. Бирок 550 гана мекеме 70 пайыздан өйдө салыктын кирешесин камсыз кылып берет. Калгандарынын баары тең көп учурда көмүскө экономикада болуп жатат.

Ишкер дагы эле күмөн

Жаңы өкмөт көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу ниетин билдиргени менен, ишкерлердин көбү бул демилгеге ишенбей карап турушат.

Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси Азиз Иса буга чейинки аракеттерден майнап чыкпагандан кийин ишеним кетип калганын айтууда:

- Бул демилгелерди колдойм. Бирок бул аягына чейин чыгабы белгисиз. Анткени бизде 20 жылдан бери реформа деп жүрүшөт. Аягына чейин эч нерсени чыгарбайт. Бул жерде кызыкчылыктардын кагылышы болушу мүмкүн. Лицензиялар, уруксат кагаздары коррупциянын булагы болуп жатпайбы. Лицензияны алып салса, коррупциялык схеманы колдонбой, пайда таппай калышат. Ошондуктан аягына чейин чыгары кыйын.

Ал эми Бишкек ишкерлер клубунун төрагасы Эрмек Ниязов жаңы өкмөткө аз да болсо үмүт артып турушканын белгиледи:

- Биздин өкмөткө талабыбыз - ишкерлерге таптакыр эле тийишпеш керек. Ишкерлер өздөрү билет. Өкмөт бүт уруксат кагаздарын азайтышы керек. Алар азайтабыз деп айтышты. Азыр деле бир нече лицензия бар. Аларды көзүбүз менен көрүп, алар документ чыгаргандан кийин ишенебиз. Азыр ишеним кичине эле.

Кыргызстанда бизнестин эркин, атаандаштык негизде иштешине мыйзамдык негиздер түзүлгөн. Бирок иш жүзүндө буга чейин фискалдык органдар жана криминал тарабынан кысымга дуушар болуп келген. Анын артынан көп сандаган бизнес адамдары көмүскөдө иш жүргүзөт. Айрым божомолдор боюнча, көмүскө экономиканын көлөмү бюджеттин жарымына жетип барат.

Жаңы өкмөт болсо салыкты төлөп, ачыкка чыгып иштегиле, артыкбаш текшерүүлөргө бөгөт коёбуз деп сөз берди. Эми ишкерлер салыкты төлөп, бейгам уктаар бекен?

XS
SM
MD
LG