Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Коомдук каналга жаңы Байкоочу кеңеш келет


Коомдук телерадиокорпорацияга жаңы Байкоочу кеңеш келет. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Байкоочу кеңештин мүчөсү Данияр Садиев билдирди. Анын айтымында, жаңы курам бекитилип келгенче азыркы кеңеш иштеп турат. Жаңы курамдын түзүлүшүнө мыйзам үч айлык мөөнөт берет.

Президент Алмазбек Атамбаев КТРК жөнүндөгү мыйзамга 21-декабрда кол койгонун бүгүн мамлекет башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Садиевдин айтымында, мыйзамда Байкоочу кеңештин курамы жаңыланышы керек деп жазылган, бирок КТРКнын башкы директору сөзсүз алмаштырылышы керек деген норма жок.

Байкоочу кеңеш 15 адамдан турат. Бешөөнү президент, дагы бешин парламент, калганын жарандык коом сунуштайт. Кеңеш коомдук каналдын башкы директорун сынак аркылуу тандайт.

Мурда мамлекеттик телерадионун жетекчисин мамлекет башчысы дайындачу. 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин ал коомдук каналга айланды.

2010-жылы 3 жылдык мөөнөткө дайындалган Байкоочу кеңеш жаңы мыйзамдын кабыл алынышына каршы экенин билдирип келген. (RK)

XS
SM
MD
LG